«Чоңдор жол жактан кетип калышат». Сузакта селден 446 турак жай жабыркаганы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Достук жана Чаңгыр-Таш айылдарында селдин кесепетинен жалпы 446 курулуш жабыркаганы аныкталды. Анын ичинде 118 турак жай суу алдында калып, 58и жашоого жараксыз деп табылган.

Ал эми 328 кожолуктун чарбалык курулуштарын сел суулары каптап, 29у авариялык абалга келген. Мындан сырткары, 1 бала бакчанын, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана 1 мечиттин короо жайларын жана 63 гектардан ашуун айдоо жерди суу каптаган.

ӨКМден 20-июль аталган айылдарда Өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланганын билдиришти.

«22-июлда техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 264 кожолуктун турак үйлөрүнөн жана там арка участкаларында сел суулары сордурулду. Селден жабыркагандарга тамак-аш жана медициналык кароолор уюштурулган», — деп билдиришти ӨКМден.

Мындан үч күн мурун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылдарында сел жүргөн. Анын кесепетинен 6 жаштагы кыз селге агып каза болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 22-июлда Сузак районуна сел жүргөн аймактарга иш сапары менен барды. Ал фейсбук баракчасына «табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек» деп жазды.

Мариповдун айтымында, кыска мөөнөттө дамбанын көлөмүн кеңейтип, аны бекемдеп, ичинде селдин нугун буруу үчүн атайын курулма куруу зарыл.

«Кыргызстан көптөгөн жаратылыш кырсыктарына дуушар болгон тоолуу өлкө. Качанга чейин анын кесепеттерин жоёбуз. Биз табият кырсыктарынын алдын алуубуз керек. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Тапкан-ташыганынан заматта айрылган карапайым адамдардын азап чегип жаткандыгы өкүнүчтүү», — деген Марипов.

Кара-Дарыя айылынын тургундардын бири Мариповдун сел биринчи келген турак үйлөргө келип көрбөгөндүгүн айтып нааразы болду. Ал «7-каналга» курган маегинде турак жайын сел каптап, дубалы эле калганын айткан.

«Чоңдор келгенде жол жактан эле кетип калышат, андан көрө сел биринчи келген мынандай үйлөрдү [үйүн көрсөтүп — ред.] көрбөйбү!? Ошол күнү мен келген селден айнекти сындырып зорго качып чыктым, оорукчан апамы да айнектен зорго алып чыктым. Апамын бели ооруйт эле, араң чыктык үйдөн. Эми бул үйдө жашоого мүмкүн эмес», — деп кейиген ал.