ССМ вакцина алгандан кийин каза болгон Соцфонддун кызматкеринин өлүмүн иликтейт

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек шаарында коронавируска каршы вакцина алып, кийинчерээк каза болгон Социалдык фонддун кызматкери Назгүл Исакованын өлүмүн эксперттик топ иликтейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев 23-июлдагы брифингде билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, каза болгон аял 19-июлда №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунда Спутник-V вакцинасын алган. Үч күн өткөндөн кийин Исакова көз жумган.

«Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет», — деди Рахматулаев.

Эмне болгон?

Маркумдун туугандары «Клоопко» байланышып Исакова Бишкектин №4 шаардык ооруканасында каза болгонун тастыкташты. Ошондой эле алар Исакова Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Социалдык фонддун башкармалыгында иштегенин айтып беришти.

Ага чейин Исакованын келини Турсунай Батырбекова моргдун имаратынын жанында видео тартып окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берген. Анын айтымында, Исакова Бишкекте эмгек өргүүдө жүргөнүнө карабастан «мекеменин жетекчилиги аны эмдөөдөн өтүүгө мажбурлаган».

«Апам 19-июль күнү эрте менен вакцина алып, үйгө келген. Кечке чейин жакшы эле жүрдү, кечинеде тынчыраак уктап, бизди убара болбосун деп, түндө тургузган эмес экен. Биз эрте менен турсак эле 7:30 чамасында апам: “Температура болуп жатам, түнү менен кыйналып чыктым” деп калды», — дейт Батырбекова.

Маркумдун жакындары «118» кызматына бир нече жолу чалып вакцинадан кийинки абалды түшүндүрүшкөндө, дене тапты түшүрүүчү дарыларды ичүүнү айтышкан. Бирок Исакованын температурасы түшкөн эмес. Ал эми Тез жардам кызматынан «вакцина алган жарадарды кабыл ала албайбыз» деген жоопту алышкан.

Батырбекованын айтымында, алар кайын энесин жеке менчик медициналык борборго алып барып, медиктер асма укол менен витаминдерди сайган. Исакованын абалы бир аз трукташып, бирок көп өтпөй ал кайрадан кыйналып баштаган. Мындан улам алар аялды Исанов көчөсүндөгү Тез жардамга өздөрү алып барышкан.

Ал жерде тез жардамдын фельдшери Исакованын абалы «жакшы эле экен, температурасы жок» деп айткан. Бирок үйгө келгенден кийин анын абалы оорлошуп, №4 шаардык ооруканага алып барышкан.

«Аябай кыйналып жатты, апам үч саат кыйкырды бизге. Биз коридордо турдук, угулуп жаткан бирок эч нерсе колубуздан келбей, эч нерсе кыла албадык. Дарыгерлер [Исакова] “тынч жата албайтат” деп байлап коюшуптур, көрсө ошону үчүн кыйкырып жаткан экен», — деди Батырбекова.

Батырбекова бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, күнөөлүүлөрдү аныктоону өтүндү. Ал маркум Исакованын эч жери оорубаганын, кайын энеси «дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болду» деп эсептейт.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө апрелдин аягында башталган. Кыргызстандыктар кытайлык Sinopharm жана орусиялык Спутник-V вакциналарын өлкө боюнча ачылган 900 эмдөө түйүндөрүндө алса болот. Ал эми англо-шведдик AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө августтун башында башталат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 23-июлга карата жалпысынан 318 093 киши коронавируска каршы эмделген. Анын ичинен 103 941 адам вакцинанын экинчи дозасын алган.

Спутник-V вакцинасы

Спутник V — Орусиянын «Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиологиялык изилдөө улуттук борбору» тарабынан иштелип чыккан вакцина. Вакцинаны иштеп чыккандар анын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт деп ишендиришкен.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Спутник-V вакцинасын сыноолордун үчүнчү фазасы башталганга чейин эле 2020-жылдын 11-августунда каттоого алган. Ал эми Кыргызстан орус вакцинасын 23-февралда эле каттаган.

Февралдын башында Спутник-V вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жарыяланган. Сыноого 19 866 адам катышып, анын эффективдүүлүгү 91,6% түзгөнү маалымдалган. Ал эми ыктыярчылардын эч биринде олуттуу терс таасири байкалган эмес.

Вакцина 60 жана андан жогорку жаштагы адамдарда дагы натыйжалуулугун көрсөткөн. Бирок ал жашы жете электерге, кош бойлууларга жана эмчек эмизген энелерге сайылып сыналган эмес, ошондуктан вакцина бул топтогу адамдарга кандай таасир этери азыр белгисиз. Спутник-V үч жума аралык менен эки жолу сайылат. Вакцинанын экинчи компоненти куюлган соң үч жумадан кийин иммунитет пайда болот.

Спутник-V Орусиядан тышкары Беларус, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы жана Тунисте катталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз

Фатва: Аалымдар кеңеши COVID-19га каршы вакцина алууга каршы эмес