Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова 48-орунду ээледи

Каныкей Кубанычбекова

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова Жапонияда өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 48-орунду ээледи. Ал мелдешке спорттун пневматикалык мылтыктан 10 метрге ок атуу түрүнөн катышкан.

Мелдеш 24-июлда Осака шаарында өттү. Ага аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке 50 спортчу катышты. Кубанычбекова мелдеште 612,8 упай топтогон. Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек болчу.

Финалга сегиз катышуучу чыкты. Алтын медалды Кытай спортчусу Цянь Ян жеңип алса, ал эми күмүштү орусиялык Анастасия Галаш, коло медалын швецариялык Нина Кристен алды.

Каныкей Кубанычбекова — ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Ал Жапонияда өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону эл аралык мелдештердеги алган упайларынын жыйынтыгында алган. Кубанычбекова Казакстан, Индия, Кувейт жана Азербайжан мамлекеттеринде онлайн жана оффлайн форматта өткөн төрт эл аралык мелдешке катышып, жакшы жыйынтык көрсөткөн.

Токиодогу жайкы олимпиада оюндары 2020-жылы жайында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган болчу. Токио Олимпиадасы 23-июлдан 8-августка чейин уланат. Ага Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын финалдык тизмесине 16 спортчу кирген. Алар спорттун 7 түрү боюнча таймашат.