Өзгөндө дүкөнгө чыккан 12 жашар кыз зордукталды. Кылмышка шектелип 39 жаштагы киши кармалды

Өзгөн шаары

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну 12 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя Өзгөн шаарында 23-июлда орун алган.

Маалыматка ылайык, милицияга өспүрүм кыздын жакындары кайрылып, ал 20:30дар чамасында дүкөнгө чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын айтышкан. Ыкчам издөө иш-чарасынын незинде кыз ошол күнү табылып, ал белгисиз киши тарабынан зордукталганын айтып берген.

«Кыз табылгандан кийин Өзгөн шаарындагы көп кабатуу үйлөргө жылуулук берүүчү (катёльный) жайдын короосунда жайгашкан ажаткананын жанында белгисиз киши зордуктаганын айткан. Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча 12 жаштагы М.Р. зордукталганы аныкталды», — деп билдиришти милициядан.

Аталган факт боюнча «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам-издөө иш-чарасынын негизинде 24-июлда Отуз-Адыр айылынын 39 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан бир ай мурун Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалган. Ал 50 жаштагы кошунасы болуп чыккан. Кыздын зордукталганы боюнча милицияга апасы кабар берген.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.