Бабановго Кыргызстанда диагноз коё албай жатышат — адвокат

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго Кыргызстанда диагноз коё албай жатышат, ошондуктан ал чет өлкөгө барышы керек. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахмановго таянып жазды.

Адвокаттын айтымында, жакынкы күндөрү Бабанов диагноз койдуруу үчүн чет өлкөгө учуп кетет, андан кийин кайсы жерде дарыланары тууралуу чечим кабыл алынат.

«Чет өлкөгө кете элек, бирок дарыланып келиш үчүн даярданып жатат. Азыр бул жактан диагнозду кое албай жатышат, ошондуктан чет өлкөгө чыгып диагноз койдурганы жатат», — деп билдирди адвокат.

27-июлда Бишкектин Биринчи май райсоту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүп, чет өлкөгө чыгууга уруксат берген. УКМКнын маалыматына караганда, саясатчынын саламаттыгы начарлагандыктан ушундай чечим кабыл алынган.

Тема боюнча: «Кумтөр иши»: Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарылануу үчүн тергөө абагынан бошотулду

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр ишинин» алкагында «Коррупцияга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна эки айга киргизилген. Атайын кызмат Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

7-июнда Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазган. Анда ага тагылган айыпты «абсурд деп атап», айып таккан тарап «суу кечпеген жүйөө келтирип жатат» деп жазган.

УКМК 27-июлда «Кумтөрдөгү» коррупция боюнча тергөө уланып жатканын бегиледи.