«Кумтөр иши»: Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарылануу үчүн тергөө абагынан бошотулду

Өмүрбек Бабанов, сүрөт 2-июнда тартылган. Сүрөт: «24.kg» басылмасы

Биринчи май райондук соту 27-июлда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду УКМКнын тергөө изоляторунан бошотуп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

Мындай чечим кабыл алууга Бабановдун ден соолугу начарлаганы жана ал чет өлкөлүк медициналык мекемелерде дарылануусу керектиги тууралуу тастыктаган документтер негиз болгон.

Буга чейин Бабановдун жактоочулары ал тергөө абагынан «Авиценна» жеке клиникасына которулганын айтышкан. Бабанов клиникага жүрөгү ооруп түшкөнү кабарланды.

Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр ишинин» алкагында «Коррупцияга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна эки айга киргизилген. Атайын кызмат Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Бабановдун жактоочусу Амантур Абдырахманов анын кардары өзүнү «Кумтөр иши» боюнча күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жана тергөө менен кызматташууга барбай тургандыгын айткан.

7-июнда Бабанов УКМК ТИЗОсунан кат жазган. Анда ага тагылган айыпты «абсурд деп атап», айып таккан тарап «суу кечпеген жүйөө келтирип жатат» деп жазган.

Атайын кызмат Бабановдон сырткары «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Учурда Сарпашев, Пирматов жана Молдошевадан башкасынын баары УКМКнын тергөө абагында.

Биринчи май райондук соту 27-июлда депутаттар Жээнбеков жана Зулпукаровдун бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартып, аларды 30-сентябрга чейин камакта калтырды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыяланган. Ошондой эле Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге издөө жарыяланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК «Кумтөр» боюнча келишимдерден чыгуу процессин демилгеледи