Сот «Биздин Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү мыйзамсыз деп тапты

Партиянын талапкерлеринин 27-июлдагы маалымат жыйыны. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Бишкек шаардык соту 28-июлда Ош шаардык кеңешине өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясынын шайлоодогу жеңишин тааныды. Бул тууралуу партиянын негиздөөчүсү, депутат Айбек Осмонов фейсбук баракчасынан кабарлады.

«Бул деген Кыргызстанда демократиянын эпкини бар экендигин түшүндүрөт. Эмне дейм, ушул адилеттүүлүктүн өмүрү узун болсун! Учурдагы чечим партиябыздын жеке тарыхында жоон сыялуу тамга менен жазылып калат десем болот», — деп жазды ал.

Эми БШК шаардык соттун чечимин үч күн аралыгында Жогорку сотко даттана алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешке өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясынын алган добуштарын жараксыз деп таап, партиянын каттоосун жокко чыгарган. Буга партиянын добуштарды сатып алууга тиешеси бар экени негиз болгону айтылган.

Партия мүчөлөрү буга нааразы болуп, чечимди «саясий буйрук» деп аташкан. Алардын айтымында, БШК «Биздин Кыргызстанды» четтеттүү жөнүндө чечим кабыл алганда «конкреттүү, жүйөөлүү далилдерди көргөзө алган эмес». Мындан улам партия БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган болчу.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо «Биздин Кыргызстан» шайлоочулардын 32% добушун алып, 15 мандатка ээ болгон. Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Бир Бол» партиялары жеңишке жетишкен.

«Биздин Кыргызстан»: Жогорку сотко кайрылабыз, Матраимовдун бизге тиешеси жок