«Биздин Кыргызстан»: Жогорку сотко кайрылабыз, Матраимовдун бизге тиешеси жок

Ош шаардык кеңешке өтүп, шайлоодон четтетилген «Биздин Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин Жогорку сотко даттанат. Бул тууралуу партиянын талапкерлери 27-июлдагы басма сөз жыйынында билдиришти.

БШКнын мүчөлөрү 26-июлдагы отурумунда «Биздин Кыргызстан» партиясынын талапкерлери добуштарды сатып алууга шектелип кармалганы үчүн шайлоодон четтеткен.

Ал эми партиянын лидери Медербек Абдыманапов БШК «Биздин Кыргызстанды» четтеттүү жөнүндө чечим кабыл алганда «конкреттүү, жүйөөлүү далилдерди көргөзө алган жок» деп эсептейт.

Абдыманаповдун айтымында, Оштун милициясы «Биздин Кыргызстандын» үгүтчүлөрүнө козгогон беш кылмыш ишин кыскарткан. Ал эми дагы эки иш «жүйөөсүз эле» сотко жиберилген.

«Бирок ага карабастан Боршайком кече ушундай чечим кабыл алды. Биз муну Ош шаарындагы 21 500 адамдын* “силердин шайлоочуларыңардын дагы, шайлоого катышканыңар дагы бир тыйынга арзыбайт” дегенине баалайбыз», — деди Медербек Абдыманапов.

*«Биздин Кыргызстан» партиясы шайлоочулардын 32% добушун алып, 15 мандатка ээ болгон.

Партиянын өкүлдөрү «Биздин Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин «саясий буйрук» деп аташты.

Отурумда Ош ШИИБдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Алмаз Кадыров «Биздин Кыргызстан» добуштарды сатып алганы боюнча үч факты катталганын билдирген. Ошол эле учурда «Биздин Кыргызстан» партиясынын өкүлү бир факты гана аларга тийиштүү болгонун, калгандары аларга тиешеси жоктугун айткан.

Мындан сырткары Медербек Абдыманапов «Биздин Кыргызстан» партиясынын «бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар» деген кептер чындыкка дал келбейт деди.

«[Бул партиянын] мурдагы бажычыга такыр тиешеси жок. Бул жаңы партия. Бул партиянын мүчөлөрүнүн бардыгы Ош шаарында жашап, чоңойгондор. 100 пайыз кепилдик бере алабыз: ага тиешебиз жок. “Ага тиешеси бар” деп жазгандарды жакшылап карап чыксаңыз анын 80 пайызы фейк аккаунттардан жазылган маалыматтар», — деди Абдыманапов.

*Партияны депутат Айбек Осмонов негиздеген — ал «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларынын да негиздөөчүсү. Осмонов Матраимовдорго «Мекеним Кыргызстан» партиясын тарттырып жибергени айтылып келет. Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясынан тизмесинен да Матраимовдордун «басымынан» улам чыгууга аргасыз болгону айтылган.

Абдыманаповдун айтымында, «Биздин Кыргызстандын» негиздөөчүсү Айбек Осмонов мурда Матраимовдор менен бизнес-өнөктөш болгон, бирок саясий багытта экс-бажычы менен кызматташкан эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле отурумуда 11-июлда Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныды. Ал эми «Биздин Кыргызстан» партиясынын мандаттары башка үч партиянын ортосунда бөлүштүрүлмөй болду: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Бир Бол» партиясы.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Биздин Кыргызстан» добуш сатып алуу үчүн шайлоодон четтетилди

Добуш сатып алууга шектелген «Бир Болдун» талапкеринин каттоосу жокко чыгарылды