Жол кырсыгына кабылган ырчы Самара Каримованын омурткасы сынганы кабарланды

Ырчы Самара Каримова фейсбук баракчасына жарыялаган сүрөт. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен «Клоопко» Ош — Бишкек жолунда жол кырсыгынан жабыркаган беш адамдын экөө ооруканадан чыгарылганын, экөө Ош шаардык ооруканасына которулганын, дагы бир киши Токтогул районундагы ооруканада дарыланып жатканын билдиришти.

«К.С. атуу жаранга “мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынган”, ал эми М.А. атуу жаранга “мээси чайкалып, баш-сөөгү жабыркаган” деген диагноз коюлду. Алар менен чогуу кырсыктаган А.Н. аттуу жүргүнчүнүн абалы туруктуу, дарылануусун ооруканада улантып жатат», — деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен жабыркагандардын аты-жөнүн К.С. жана М.А. инициалдары менен берди. Бул инициалдар ырчы Самара Каримовага жана Асан Мансуровго туура келет.

Каримова фейсбук баракчасында кырсыкка кабылганын тастыктады. Ал Токтогул шаардык ооруканасынын дарыгерлерине ыраазычылык билдирип, дарыланууну Ош шаарында уланта тургандыгын кабарлады.

«Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле…. Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиппиз. Баарыбыз аманбыз. Жараткандан келген сыноого ыраазыбыз», — деген ал.

Оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов «Турмуш» басылмасына ырчы жана жолдошу нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатышкандыгын маалымдады. Ташполотовдун айтымында, кырсыктагандардын абалы «жакшы».

26-июлда Бишкектин биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова бир унаада бара жатып Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында кырсыкка кабылгандыгы кабарланган.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн Toyota Alphard унаасын Каримованын жолдошу Асан Мансуров башкарып бара жаткандыгын билдиршкен. Ал уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада төрт адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылганы кошумчаланган.

Тема боюнча:

«Айдоочу уктап кеткен». Жамалбек Ырсалиев жана Самара Каримова жол кырсыгына кабылды