ӨКМ: Таластагы Кара-Буура — Чаткал жолу селден тазаланды

Таластагы Кара-Буура — Чаткал жолунун сел каптаган аймагы тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 21-июлда жүргөн селдин кесепетинен жолдун айрым тилкелерин сел алып, унаа өткөн көпүрө бузулган болчу.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, саат 15:00 чамасында жамгыр жаап өтүп, Шилбили өзөнүнөн келген сел суулары Кара-Буура — Чаткал унаа жолунун 15-чакырымын каптап калган.

Жолдон өтө албай калгандардын бири Мырзайым Айтимбетова 22-июлда Фейсбук барагына видеолорду жарыялап, үй-бүлөсү менен үч сааттан ашык жолдун ортосунда калганын кабарлаган.

«Сел каптап, үч сааттан ашык жаш балдарыбыз менен Талас менен Чаткалдын ортосунда калдык. Ылай тизеге чейин жетет. Жолду ачпасаңар болбойт. Алдыга 30дай машине өтүп кетти, биз калдык жеңил унаада. Азыр жамгыр төгүп жиберсе, бул жагыбыз жар», — деп билдирген ал.

Ал эми тасмадан төрт эркек киши ылай сууга батып калган унааны чыгаруу үчүн жылаң аяк жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, аялдар жана эркектер балдары жана бумдары менен сел кечип жөө баратканы да тартылган.

ӨКМден кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдиришти. Табият кырсыгы болгон жерге министрликтин Кара-Буура райондук башкармалыгынын кызматкерлери техника менен барып, жол 22-июнда саат 18:20лар чамасында ачылган. Алар жолдогу сел калдыктарын тазалап, бузулган көпүрөнү калыбына келтирген. Жолду тазалоо иштери 23-июлда да уланып жатат.

«Аймактан 80 жаран эвакуацияланган жана 30 даана техника өткөрүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

Тема боюнча:

Баткен жана Кадамжай райондорунун бир нече айылдарында сел жүрдү

Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр