Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкектин мэри болот — президенттин иш башкаруучусу

Президенттин иш башкаруучусу Алмаз Мамбетов Kaktus.media басылмасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын мэрлик кызматына келээрин билдирди. Ал эми Ош шаарына мэр болуп Мамбетов өзү бармакчы.

Таалайбек Сарыбашев

Ошол эле кезде, Мамбетовдун айтымында, учурдагы Бишкектин мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов президенттик аппаратттын жетекчиси болуп дайындалат.

Бактыбек Кудайбергенов

Алмаз Мамбетов мурда да мэрлик кызматта иштеген — ал Балыкчы шаарынын муниципалитетин башкарган. Анда ал сөгүнүп-сагынган сөздөрү менен эсте калган: Мамбетовдун жана ага чейинки мэр Сатыбек Шамшудиновдун ортосундагы телефондук сүйлөшүүнүн үн жазмасы интернетке чыгып кеткен.

Алмаз Мамбетов

Тема боюнча: