Издөө иштери токтотулган казакстандык турист кыздын сөөгү табылды — ӨКМ

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон 29 жаштагы казакстандык Варвара Конопасевичтин сөөгү 1-августта табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтен билдиришкендей, турист кыздын сөөгү Каракол суусунан табылды. Анын ким экени такталып, сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди. 

Варвара Конопасевич 15-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Ал үй-бүлөсү менен Ала-Көл жайлоосуна эс алууга келген. Ата-энеси отун терип жүргөндө Варвара чоң дайра аркылуу өткөн колго жасалган көпүрөнүн жанында калган. Ата-энеси кайтып келип, кызын таппай калганы айтылган.

19-июлда Ысык-Көл ОИИБи Ала-Көл жайлоосунда жоголгон 29 жаштагы казакстандык туристти издөөгө 100 милиция кызматкери жана ӨКМдин аймактык бөлүмүнүн куткаруучулары тартылганын билдирген.

Кийинчерээк 21-июлда ӨКМ Каракол дайрасында анын бут кийими менен шымы табылганын кабарлап, турист кызды издөөнү токтоткон.

«Туристтер тарабынан дайрадан кийимдери табылып, биздин куткаруучуларга өткөрүлгөн. Ата-энеси кийимдерин таанып, издөөнү токтотууну өтүнүштү. Алар Орусияга кетип жатышат», — деп билдирген ведомство.

Тема боюнча:

Ысык-Көлдө жоголгон туристти издөөгө 100дөн ашык милиционер жана куткаруучу тартылды

ӨКМ Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык турист кызды издөөнү токтотту