Олимпиада: Акжол Махмудов финалга чыкты

Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Акжол Махмудов финалга чыкты. Ал армениялык балбан Карапет Чалянды 6:2 эсебинде утту. Махмудов армениялык балбан менен жарым финалда беттешти.

Махмудов турнирдеги биринчи беттешинде тунистик спортчу Ламьед Маафини 11:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкккан. Ал эми чейрек финалда азербайжандык спортчу Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде уткан.

Махмудовдун финалдык беттеши 3-августта өтөт. Финалда ал алтын медалды утуш үчүн венгриялык Тамаш Лёринчти утушу керек. Кыргыз балбаны турнирге 77 килограмм салмакта чыгып жатат.

Акжол Махмудов 22 жашта. Ал эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо алган.