Оштун жаңы башчысы Алмаз Мамбетов тууралуу эмне белгилүү?

Алмаз Мамбетов. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Алмаз Мамбетов 2-августта Оштун мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси кызматын ээлеген.

Мамбетов Оштун мэрлигин ага президент Садыр Жапаров сунуштаганын, аанда «баш тарта албаганын» билдирди.

Оштун жаңы башчысы буга чейин Балыкчы шаарынын мэриясын жетектеп, коомчулукта сөгүнүп-сагынган сөздөрү менен эсте калган. Мамбетов 2017-жылы Балыкчынын экс-мэри Сатыбек Шамшудинов менен телефондо уруша кетип, аны «өлөсүң» жана «көтүңдү айрыйм» деп коркуткан.

Кийинчерээк Шамшудинов бул сүйлөшүү тууралуу түшүндүрмө берген. Анын айтымында, чыр-чатак ал Мамбетовдун бир жылда аткарган иштери боюнча отчёт берүү талабына кол койгондон кийин башталган. Ал эми Мамбетовго экс-мэрдин аракети жакпай, ага чалып, орой формада түшүндүрүп берүүсүн талап кылган.

Дагы окуңуз: Балыкчынын мурдагы жана учурдагы мэри телефондон сөгүшүп кетишти

Кийин Мамбетов «Өлтүрүү коркунучу» беренеси менен күнөлүү деп табылып, эки миң сомдук айыпка жыгылган.

Дипломат, мэр, Мамкаттоонун жетекчиси

Алмаз Мамбетов 45 жашта, ал 1999-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин (МУК) Дипломатия жана эл аралык мамилелер» факультетин аяктаган. Мамбетов эмгек жолун 2000-жылы Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт катары баштаган.

Ал 2002-2003-жылдары Спорт жана туризм министрлигинин байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп, 2004-2007-жылдары ТИМдин мамлекеттик протокол департаментинин катчысы болгон. Мамбетов 2008-2010-жылдары «Кыргыз темир жолу» ишканасында да иштегенге үлгүргөн.

Ошондой эле 2011-жылы Мамбетов Бишкек мэриясынын эл аралык башкармалыгын жетектеген. Андан соң ишкерлик менен алектенген. Ал эми 2014-2016-жылдары «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» ЖЧКсынын PR-бөлүмүндө иштеген.

2016-жылы Балыкчы шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке сунуштаган — ал бул кызматта үч жыл болгон. Мамбетовдун аты ал мэр болуп турган кезде дагы бир чатакта чыккан — анда ал фейсбукта аны сындаган активистке «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп жазган.

Дагы караңыз: «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» — Балыкчынын мэри бактардын кыйылышына коомдук желеде жооп берди

Ал эми 2019-жылы ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандыктан кийин президенттин иш башкармасынын жетекчиси болуп дайындалган.