Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда румыниялык балбан Криста Тунде Инчени 6:0 эсебинде утту. Тыныбекова турнирге 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып жатат.

Тыныбекова биринчи беттеште латвиялык спортчу Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан болчу.

Эми ал жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденко менен беттешет.

Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш боюнча чебер жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ошондой эле, ал күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон.

Жапониянын Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Күрөш боюнча республиканын курамасынан биринчи болуп килемге Айпери Медет кызы чыккан. Ал жарым финалда АКШнын спортчусу Аделайн Мариа Грей менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашынан утулган.

Ал эми Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, атаандашынан 2:3 эсебинде утулуп, жарым финалга өтө алган жок.