Ош: Жаңы мэрге бир нече талаптарын айткан он чакты тургун митинг кылды

Сүрөт: Марат Акимбек уулу / Азаттык

2-августта Ош шаардык мэриянын алдында тынчтык митинги болуп өттү. Ага онго жакын тургун катышып, шаардык кеңешке болгон шайлоодогу мыйзам бузууларга жана кымбатчылыкка нааразы болушту.

Мэриянын басма сөз катчысы Замира Ниязбекова «Клоопко» митинг бир саатка жакын созулганын жана мэриядан аларга эч ким жолукпаганын билдирди.

«Кымбатчылык, жолдорду оңдоо жана жакында болуп өткөн шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо жокко чыгарылсын деген талаптарды айтышкан. Бирок кымбатчылык бир эле Ош шаарында эмес, бүткүл Кыргызстанда болуп жатат. Ал эми шаардагы башка көйгөйлөр менен жаңы мэрдин тааныштыгы бар, алардын баарын чечүү үчүн убакыт керек», — деди Ниязбекова.

Ал эми митингди уюштургандардын бири, «Улуу Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев «Азаттыкка» жаңы келген калаа башчысы ишти мэриянын ичиндеги мыйзамсыз аракеттерди жоюудан башташы керек деп айткан.

«Жаңы дайындалган мэр ишти ушул мэриянын ичинен башташы керек. Көчөгө чыгып бир эки объекти көрүп, аны коомчулукка пиар кылуунун кереги жок. Азыр мэриянын аппаратына эле онго чукул кылмыш ишин козгосо болот. Жаңы мэр ошолорду иретке келтириши керек», — деген Орозбаев. Бирок Орозбаев мэриянын аппаратына онго жакын кылмыш ишин козгосо болот деп айтканы менен эмне үчүн экенин тактаган эмес.

2-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Мамбетов дайындалган. Ал буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетектеген. Мамбетов Оштун мэрлигин ага президент Садыр Жапаров сунуштаганын, андан «баш тарта албаганын» билдирген.

Ал эми Мамбетовго чейин Ош шаарын Таалайбек Сарыбашов башкарып келген. Сарыбашов учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Дагы окуңуз:

Оштун жаңы башчысы Алмаз Мамбетов тууралуу эмне белгилүү?

Экс-мэр Сарыбашов: Ошту таза суу менен камсыздоого 3,5 млн доллар сарпталат