Ошто «Түштүк» каналына түшүп кеткен жаш баланын сөөгү табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы «Түштүк» каналына түшүп кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды. ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык 3-августта болгон.

Жаш баланын сөөгүн издөө үчүн ӨКМден 8 куткаруучу тартылган. Маркум жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Июль айында Чүй облусунун аймагында үч өспүрүм сууга чөгүп каза болгон. Алгач Аламүдүн айылынын «Кыргызстан» жаңы конушундагы суу сактагычка 10 жашар бала чөгүп кеткен. Баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Ошол эле убакытта аталган райондун Гроздь айылындагы №3 суу сактагычына 17 жана 14 жаштагы өспүрүм кыздар чөгүп кеткен. Алардын бирин эс алып жүргөн адамдар суудан чыгарып, экинчи кыздын сөөгүн куткаруучулар алып ыгышкан.