Акылбек Жапаров: Акаевдин мен жөнүндө айткандарынын баары жалган жалаа

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров «Кумтөр» иши боюнча бозгун президент Аскар Акаевди айыптаган пост жазып, кийин өчүрүп койду. Анда ал Акаевди мамлекеттик органдардын башчыларын «Камеко» компаниясы менен пайдасыз келишимге кол коюуга мажбурлаган деп айыптаган. 

Акылбек Жапаровдун өчүрүлгөн посту. Сүрөт: Kaktus.media

«Чындыгында, дал ошол Аскар Акаев бир кезде мамлекеттик органдардын башчыларын "Камеко" компаниясы менен таптакыр пайдасыз келишимге кол коюуга мажбурлаган. Дал ошонун көрсөтмөсү боюнча кийинчерээк кен дээрлик “Центерранын” көзөмөлүнө өтүп кеткен», — деп жазган ал.

Аны менен катар, экономика министри Аскар Акаевдин «Кумтөр» иши боюнча «Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр» деген айыптоосуна Торонтого анын уулу Айдар Акаев барган деп жооп берди.

«Мен Кумтөр боюнча бир да чечим кабыл алган эмесмин, бир дагы келишимге кол койгон эмесмин. Торонтого “Кумтөр” маселеси боюнча эч кандай жеке топтун, делегациянын же комиссиянын курамында барган эмесмин. Керек болсо, Торонтого Акаевдин уулу Айдар барган», — деп жазган Жапаров.

Ошондой эле, Кумтөр кенинин айласындагы «коррупциянын башаты Акаев экенин» баса белгилеген.

«Акаев мырза, өзүн акташ үчүн абдан аракет кылып жатып, Кумтөр боюнча коррупциялык жана криминалдык келишимдин башатында өзүнөн башка эч ким турбаганын такыр унутуп койду. Бирок, фактылар менен цифраларга Акаев мырзанын башы чаташып жатканы анык», — деди ал.

Акаев Жапаров тууралуу эмне деген?

Үстүбүздөгү жылдын май айында Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча өзүнүн дарегине айтылган коррупция боюнча айыптоолорго жооп берип жатып, Кыргызстан үчүн пайдасыз деп эсептелген документтин эки вариантын тең түзүүдө Акылбек Жапаров активдүү катышкан жана азыркы түзүлгөн кырдаалга ал «эң биринчи күнөөкөр» экенин айткан болчу.

Аскар Акаев 2003-жылы анын бийлиги учурунда Акылбек Жапаров дагы «Кумтөр» боюнча мамкомиссияда болгонун белгилеген. Ошондой эле, документке кол коюуда Жапаров чоң ролду ойногон.

«2003-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын негизги мүчөсүнүн бири ошол Жапаров болгон, Жогорку Кеңештин депутаты катары. Ал ошол комиссияда толук иштеп, Канаданын Торонто шаарына барып, “Камеконун” штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, анан өтө мактаган: “Камеко” өтө бай тажрыйбасы бар, татыктуу компания экен. Келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга толук жооп берет деп өзү мактап, колдоп берген ошол 2003-жылы. Ошонун негизинде Танаев премьер-министр катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан болчу. Ошондо Жапаров кемчилик тууралуу эч жерде ачык айткан эмес», — деди мурдагы президент.

* «Камеко» — Кумтөр кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим түзүлгөн канадалык компания. 1992-жылкы келишимге ылайык окшош аталыштагы алтын казуучу ишканада Кыргызстандын үлүшү 67%, ал эми «Камеконун» үлүшү 33% түзгөн. 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун «Камеконун» «туунду» компаниясы «Центерра Голд» менен кайра түзүмдөштүрүү боюнча келишим түзүлгөн.

Акаев азыркы учурда сынга алынып жаткан кенди иштетүү боюнча 2003 жана 2009-жылдардагы канадалыктар менен түзүлгөн келишимдердин кээ бир жагдайларына токтолгон.

Акаевдин Кыргызстанга келиши

2-августта УКМКнын басма сөз кызматы Акаев Бишкекке келгенин билдирген. Аскар Акаев УКМКда сурак берип чыккан.

«Анын катышуусунда “Кумтөр” кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирген УКМК.

Комитеттен белгилешкендей, УКМК «Кумтөр» иши менен катар «тарыхый адилеттикти орнотуу үчүн» Акаевди жоопко тартуу боюнча күжүрмөн иштеген.

Бирок экс-премьер-министр Феликс Кулов Акаев мекенине өз ыктыяры менен кайтып келүүнү чечкен деп айткан.

«Садыр Жапаров айкөлдүк кылып мурдагы президентке өлкөгө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Менин билишимче, Аскар Акаевди эч ким мажбурлаган жок. Ал Бишкекке келгенден кийин УКМКга барды», — деп билдирген Кулов.

Акаев 1991-жылдан тартып 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Ал 2005-жылы, «жоогазын революциясы» деп аталган төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качкан. Андан кийин ал Москвада отурукташып, илимий ишмердикке кайткан.

Тема боюнча: «Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр». Аскар Акаев Кумтөр боюнча айыптарга жооп берди