Аткаминерлер 18 жаштагы бала каза тапкан Бостеридеги аквапаркты жаба албай жатышат

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов Kaktus.media басылмасына маек куруп, жергиликтүү чиновниктер «Алтын кум» пансионатынын аймагындагы аквапарк аттракционун жаба албай жатышканын билдирди.

Жакында эле аквапаркта суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүгү жаш жигитти соруп кеткен. Ал 18 жаштагы бишкектик Станислав Ситников болгон.

Аким эмне дейт?

Жумадыловдун айтымында, Ситников каза тапкан аттракцион жабылган, бирок айланасындагы башка аттракциондор иштей берет.

«Азыр текшерүү жүргүзүп жаткан атайын комиссиянын иши аяктап калды. Бирок бул алдын-алуучу, башкача айтканда эскертүүчү текшерүү, андан артык эмес», — деп билдирген аким маегинде.

Аткаминер аттракционду жабуу мүмкүн эмес экенин, анткени бардык ишкерлер текшерүүгө мораторий жарыяланганын билет деп кошумчалады.

«Биз аларга келип: “Ушул жериңерди оңдоп коёсуңарбы же ушул ишти жасап кое аласыңарбы?” — деп өтүнсөк болот. Башка эч нерсе кыла албайбыз. Ал эми аттракциондун ээси сунушту аткарбай же бузулган жерин оңдобой койсо эч кандай чара көрө албайбыз. Биз жарандардын арыз жазуусун же ушундай кейиштүү окуяларды күтөбүз, анда деле эч кимисин жаптыра албайбыз», — деген Жумадылов.

Жумадыловдун айтымында, 18 жаштагы жигиттин өлүмүнөн кийин ал комиссиянын мүчөлөрү менен бирге кырсык болгон жерге барып, ишкерлерден аттракциондун бардык түрлөрүн убактылуу жаба туруусун суранган.

«Албетте, мыйзам боюнча биз аларга эч нерсе кыла албашыбызды билишет, анткени мораторий жарыяланган. Мен жок дегенде эскертүү жазылган чоң плакаттарды илип коюусун сурангам, бул да аткарылган жок. Биздин ыйгарым укугубуз жок. Эгерде азыр текшерүүгө уруксат берсе деле, аны ишке ашыра албайбыз, анткени Мамэкотехинспекция жоюлуп кеткен. Алардын бөлүмдөрүн министрликтер бөлүп кеткен, кимиси кайда — белгисиз. Алардын текшерүүлөрү легитимсиз»,— деп белгилеген аким.

Ысык-Көл ОИИБнен журналисттерге бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жана экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатышканын билдиришти. Буга чейин 18 жаштагы баланын өлүм фактысы боюнча «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганы кабарланган. Милиция аттаракционду жаба алышпасын, себеби бул иш алардын милдетине кирбесин белгилешкен.

Станислав Ситниковдун өлүмү

Ситников 27-июлда пансионаттагы аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.

Көп өтпөй Ысык-Көл РИИБи «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Ал эми Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгы Ситников каза тапкан «Алтын кумдагы» аттракцион мыйзамсыз орнотулганын аныктаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Куткаруучулар болгон эмес». Аквапаркта каза болгон Станиславдын жакындары арыз-муңун айтты