Кара-Суу районунда сел жүрүп, бир турак үй жана ички жолдор жабыркады

4-августа Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки табият кырсыгынан бир турак жай жарактан чыгып, ички жолдор жабыркады.

Маалыматка ылайык, Кара-Сөгөт айылындагы бир үйдү сел суусу тешип өткөн. Алты адамдан турган үй-бүлөнүн мүчөлөрү жабыркаган эмес. Мындан сырткары, кырсыктын кесепетинен сегиз чакырым жол кооптуу абалга келген.

Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуу үчүн 27 кишиден турган ыкчам топ, ошондой эле атайын техника тартылды. ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын жетекчилиги болсо окуя болгон жерге барды.

Андан мурда 3-августа Баткен облусунун Лейлек районунун айылдарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 21 турак жайды жана 14 үйдүн короосун каптаган.

Мындан сырткары Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 318-320-чакырымын жана Катраң — Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел жууп кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендин бир нече айылдарына селден улам Өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Лейлектин бир нече айылында сел жүрдү. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза тапты