ЖАМКтын башчысынын орун басары 2-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга шектелип кармалган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевдин баш коргоо чарасын кабыл алды. Бул тууралуу 4-августта аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун токтомуна ылайык, ал 2021-жылдын 2-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Нуралиев 3-августта УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Маалыматка ылайык, шектүү соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу, алардын шарттарын жумшартуу жана мекеменин ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 3,6 АКШ доллары, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондорун алышкан.