Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 658 учуру катталды, 8 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

6-августта коронавирустун жаңы 658 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 345;

Чүй облусунда — 80;

Баткен облусунда — 49;

Жалал-Абад облусунда — 74;

Ысык-Көл облусунда — 59;

Ош шаарында — 9;

Ош облусунда — 18;

Нарын облусунда — 14;

Талас облусунда — 10.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 167 734кө жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 1 532 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 153 934 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 3 173 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 6 874.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — төрт, Чүй облусунда — үч, Нарын облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 380 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 22 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 13, Баткен облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 3, Ысык-Көл жана Чүй облустарында — бирден медик илдетке чалдыкты. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 576га жетти, анын ичинен 6 043 медкызматкер илдеттен айыкты.