Бөлүм башчы Дүйшөкеев менен элчи Кулубаев орун алмашты

Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев 9-августта Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал эми өлкөнүн Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Дүйшөкеевдин кызмат ордуна президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Жээнбек Кулубаев элчилик кызматты 2018-жылдан тартып аркалап келген. Ал эми Дастан Дүйшөкеев президенттик администрацияга бөлүм башчы болуп үстүбүздөгү жылдын ноябрында келген.

Дастан Дүйшөкеев ким?

Дастан Дүйшөкеев —1987-жылы 12-декабрда туулган. 2010-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультетин, 2015-жылы Орусиянын Дипломатиялык академиясын «эл аралык мамилелер» адистиги боюнча аяктаган.

2008-2011-жылдары «Альфа Телеком» ишканасынын кардарларды тейлөө бөлүмүндө адис, 2016-2017-жылдары А.Чехов атындагы мектепте тарых мугалими болуп иштеген.

2017-2018-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы катары бир топ эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен иштеген. 2018-2020-жылдары эл аралык «2ГИС» жана «Полипласт-Восток» компанияларында орусиялык бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген.

2020-жылдын октябрь айында Дастан Дүйшөкеев ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болсо, ноябрда Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Жээнбек Кулубаев ким?

Жээнбек Кулубаев — 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал 1992-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай дипломатиялык кызматтарда иштеген.

Кулубаев 2003-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары болуп эмгектеген. 2004-жылы ШКУнун аткаруучу катчысынын орун басары болгон.

Ал 2007-2009-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы, 2009-2013-жылдары КЭРдеги, 2010-2013-жылдары Монголиядагы жана Сингапурдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

2013-жылы Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору болсо, 2018-жылдан бери Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кызматын ээлеп келген.