Шалаакылык. Мамэкотехинспекциянын экс-башчысына 180 миң сом айып салынды

Жолдошбек Жунушев

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын мурдагы директору Жолдошбек Жунушев «Шалаакылык» беренеси менен күнөлүү деп табылып, 180 миң сомдук айыпка жыгылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-июлда кабыл алды.

Жунушев өткөн жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан «Коррупцияга» шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Жунушев ведомствонун инспекторлору аркылуу курулуш компаниялардан мыйзамсыз акча чогултуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.

Өкүмдө курулуш компаниялар 2019-жылдын ичинде Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерине 30 миң сомдон 8 миң долларга чейин акча берип жүргөнү жазылган — бул акчалар Архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгынын жетекчиси «Т.А.» жана Жолдошбек Жунушевдин ортосунда бөлүнүп жүргөн.

Соттук отурумда «Т.А.» Жунушевге каршы көрсөтмө берип, компаниялардан алынган акчалар мурдагы директордун чыгымдарына иштетилгенин айтты. Ошондой эле «Т.А.» Жунушевдин колуна 1 миң доллар бергенин билдирген.

Анткен менен тергөө менен кызматташууга барган Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери* аларга акча каражаттарын чогултууну Жунушев эмес, «Т.А.» айтканын билдиришти. Жунушев болсо «Т.А.» коргонуу үчүн ага каршы көрсөтмө бергенин жана андан эч кандай акча албаганын көрсөттү.

*Аталган кызматкерлерди УКМКнын коррупцияга каршы кызматы 2019-жылдын декабрь айында кармаган. Алар кармоо учурунда 2 миң доллар бөлүштүрүп жатканы кабарланган. Жалпысынан атайын кызмат Экотехинспекциянын алты кызматкерин кармаган.

Мындан улам сот Мамэкотехтин мурдагы жетекчиси акча алып жүргөнү боюнча далилдер жок болгонун аныктады. Ошол эле учурда Биринчи май райондук соту Жунушев өз милдеттерин шалаакылык менен аткарган деп эсептейт.

Мындан улам Жунушевге тагылган айып өзгөртүлүп, ал «Шалаакылык» беренеси менен күнөлүү деп табылды.

Жолдошбек Жунушев 2020-жылдын январь айында эле Мамэтотехинспекциянын директорлугунан бошотулган. Анда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында мекемеди коррупция үчүн Жунушевдин ишин сынга алган.