Ош. Ишкерден 28 миң доллар опузалаган эки жаранга 260 миң сом айып салынды

Ош шаарында өзүн УКТ мүчөлөрү деп атап, ишкерден 28 миң АКШ долларын опузалаган эки жаранга 260 миң сом айып салынды. Мындай чечимди шаардык сот 2021-жылдын 26-июлунда кабыл алды. Turmush басылмасы 51 жана 35 жаштагы айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барганын жазды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын март айынын башында УКМК тарабынан акча опузалоого шектелген эки адам кармалганы айтылган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, шектүү жарандар өздөрүн Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп атап, Т.А. атуу жеке ишкерден 28 миң АКШ долларын опузалашкан. Ошондой эле, жабырлануучуну коркутуп кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн өздөрүнө каттоону талап кылышкан.

Атайын операциянын алкагында А.А.И жана Б.М.С аттуу эки адам 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Аталган факты КЖБРге «Акча опузалоо» беренеси менен катталып, кармалгандар УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын ТИЗОсуна киргизилип, кийин үй камагына чыгарылган.