Ош: Жапалактагы арматура чыгарчу завод башка жерге көчүрүлө турган болду

Ош шаарынын Жапалак айылынын жүздөгөн тургундары 11-августта аймактагы арматура чыгарчу заводко барып, митинг уюштурушту. Чогулгандар заводдон чыккан түтүн абаны, ал эми темир жууган суу каналды булгап жатканына нааразы болушту.

Алардын айтымында, завод экологиялык талаптарга жооп бербей, жергиликтүүлөрдүн ден-соолугуна зыян келтирип жатат. Мындан улам алар ишкананы жабууну талап кылышты.

Митингчилердин жанына Оштун мэрин м.а. Алмаз Мамбетов жана вице-мэр Жасур Азимов барышты.

«Азыр булар сиздерди [Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү] келет деп бардыгын алдын ала даярдап алышкан, себеби дайыма ушундай. Дайыма ызылдап чыгабыз, эки-үч күн [завод] өчөт*, анан кийин кайра эле ушул жашоо», — деп билдирди чогулган аялдардын бири.

*Арматура чыгарчу завод үстүбүздөгү жылдын февраль айында убактылуу жабылган болчу. Анда да Жапалактын тургундары митинг уюштурушкан. Тургундардын айтымында, завод жаңы мэрдин м.а. келгенден кийин ишмердүүлүгүн жандантты.

Ал эми калаа башчы Мамбетов тургундар менен заводдун ичин кыдырып чыккандан кийин, анын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, ишкана башка жерге көчүрүлө турганын билдирди.

«Убактылуу кайра токтотолу [заводду]. Токтото туруп, заводду көчүрүп кеткенге мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз», — деди Мамбетов.

Биринчи жолу эмес

Ош шаарынын экотехинспекция башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиевдин маалыматына ылайык, 2019-жылы завод экологиялык талаптарга жооп бербегендиктен ага айыппул салынып, иши токтотулган. Анткен менен ишкананын жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен макулдашып, заводдун ишмердүүлүгү кайрадан жанданган.

«Абаны булгаганы боюнча буларга “фильтр койгула” деп эскертүү берилген экен. Булар чыпка орнотушкан. Азыр эми жергиликтүүлөр бизге кат менен кайрылса, биз кайрадан Экономика министрлигинен уруксат алып, текшерүү жүргүзө алабыз», — деп билдирген анда Султангазиев.

Ал эми заводдун директору Илгиз Капаров тургундардын айыптоолорун четке кагып, заводдун иши «мыйзамдуу» экенин билдирген. Анын пикиринде «түтүндүн элге зыяны тийбейт», ошондой эле заводдон чыккан суунун курамында «зыяндуу заттар жок».

Аталган завод Капаровдун жеке жер тилкесинде жайгашкан. Тургундардын айтымында, ал 6 жыл мурун ачылган.

Анткен менен экс-мэр Таалайбек Сарыбашов заводдун ишмердүүлүгүн текшере турган атайын комиссия түзүп, ишкананын жумушун убактылуу токтоткон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түтүнгө ууланып жатабыз». Ош шаарындагы темир заводу убактылуу жабылды