Казакстан Кыргызстанга гранттык жардам катары 1000 тонна үрөн берет

Казак бийлиги Кыргызстанга бир миң тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев 12-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукканда билдирди.

Министр Казакбаев казак тарапка өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Казакбаев элчиге кыргыз жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө, транспорт менен элдин эркин жүрүүсүнө карата чектөөнү тез арада алып салууну кароо сунушун айтты.

Министр менен элчи айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, товарлардын транзити боюнча дагы сүйлөшүштү.

Аны менен катар, жолугушууда кыргыз-казак мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын бирге белгилөө маселеси көтөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызыкчылык туудурган бардык тармактарда тыгыз кызматташтыктын мындан ары бекемделишине ишенимин билдиришти.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстан чек арасын былтыр жазында жапкан. 2020-жылдын 6-мартында Казакстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу кыргызстандыктарга өлкөнүн ичине ID-карта жана жашы жете элек балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кирүүгө убактылуу тыюу салган.

Бирок, Казакстан Кыргызстан менен чектеш чек араларында бардык көзөмөл-өткөрмө жайларын ачууга даяр экенин билдирген.

Тема боюнча:

Казакстан кыргызстандыктарга ID-карта менен кирүүгө убактылуу тыюу салды

ТИМ: Казакстанга кирүү үчүн уруксат алууга негизсиз акча алган ортомчулар бар