Оюн-зоок борборунда тейлөөчү кызга кол салган киши кармалды

Бишкектеги MagicCity балдар оюн-зоок борборунда кардарын орус тилинде сүйлөп тейлеген кызды калькулятор менен чапкан адам кармалды. Ал 12-августта убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Ал 29 жаштагы Али Алимбаев атуу жаран экени аныкталды.

«48 сааттан кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат», — деп жазылат билдирүүдө.

10-августта милиция Бишкектеги оюн-зоок борборунун кызматкерине кол салган адамга карата «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Эмне болгон?

2-августта MagicCity’де белгисиз киши эсепчи кызга кол салган. Көңүл ачуу борборунун администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кызга күч колдонгон кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган. Ошондой эле Жунусов киши мас абалында болгонун кошумчалаган.

Ошол эле күнү жабырлануучу Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Алгач милиция «Майда бейбаштык»* беренеси менен тергөөнү баштаган.

*«Майда бейбаштык» үчүн 30 миңден 60 миңге чейин айып пул же алты айдан бир жылга чейин эркиндикти чектөө каралган.*Борбор калаанын милициясы MagicCity’нин кызматкерине кол салган кишиге тагылган беренени Орусиянын бийлиги менен саясатчыларынын реакциясынан кийин «Ээнбаштык» беренесине өзгөрткөн.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шектүүгө расмий эскертүү берген. Атайын кызмат Конституция боюнча орус тили өлкөдө толугу менен мыйзамдын негизинде аракетте экенин: кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили — расмий тил экенин белгилеген.

Орус бийлигинин реакциясы

Бул окуяга Кыргызстандын расмий укук коргоо органдарынан тышкары Орусиянын саясатчылары дагы көңүл буруп үн каткан.

Биринчилерден болуп бул окуя боюнча Орусиянын Мамлекеттик думасы үн катып, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго кайрылуу жолдоону чечкен. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, орусиялык депутаттар Мамытовдон MagicCity’деги кол салуу боюнча тергөөнү жеке көзөмөлүнө алууну суранган.

Ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко «турмуштук улутчулдуктун фактысына көңүл бурганын» айтып, мындай аракеттерди «айыптабай коюуга болбойт» деген пикирин жазган. Удовиченко дагы кыргыз бийлигине кайрыла турганын билдирген.

Ал эми Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 9-августтагы Мамдуманын жыйынында Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүнү сунуштаган.

Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштуруп, Орусиядагы кыргыз мигранттарын санын азайтууга чакырган.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат саясатчы менен сүйлөшүү жүргүзүп, бул окуя «турмуштук деңгээлдеги инцидент» болгонун жана өлкөнүн «тийиштүү органдары тийиштүү иш алып барганын» билдирген.

Клара-Самат жана Жириновский бул окуяны кызыккан жактар кыргыз-орус мамилесин бузууга аракеттенүү үчүн колдонушу мүмкүн деген бир ойго келишти. Ошондой эле Жириновский эки тараптуу иш-чараларга катышууга даяр экенин белгилеген.

Тергөө соттук-медициналык экспертиза дайындап, бирок жабырлануучу андан баш тарткан. Ошондой эле укук коргоо органдары соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган — анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин кайрадан квалификациялоо маселеси каралат.

Тема боюнча:

Милиция балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине кол салган кишиге кылмыш ишин козгоду