ЦУМга бомба коюлду деп жалган айткан шектүү ТИЗО-1ге киргизилди

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ЦУМдагы бомба тууралуу жалган билдирүү жасаган шектүүнү ТИЗО-1ге киргизди. Ал тергөө абагында 22-августка чейин болот.

ЦУМдагы бомба тууралуу маалымат тараткан шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы. 

УКМКнын кызматкерлери шектүүнү 10-августта кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 1994-жылы туулган Г.З.А. атуу кыргызстандык ГУМ соода борборунан жаңы сим-карта сатып алып, ал аркылуу милицияга ЦУМ «Айчүрөк» соода борборунда бомба коюлуп, адамдар барымтада экенин билдирген.

Аталган факты боюнча «Терроризм актысы тууралуу жалган билдирүү таратуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул ишке тиешеси бар болушу мүмкүн адамдар же уюштуруучулар изделип жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, бул кылмышка шектүүнүн мурдагы күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон — ал ЦУМда соода аянтын ижарага алып иштетет.

УКМК «айрым жарандардын ушул сыяктуу жоопкерчиликсиз жана ойлонулбаган аракеттери укук коргоо органдарынын күчү менен каражатын алардын өлкөдө коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруудан алаксытарын» белгилеген.

Буга чейин коопсуздук комитети жардыруу же өрт коюу даярдалып жатканы тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткандарга 180 сааттан 240 саатка чейинки коомдук иштерге тартуу же 5 миңден 30 миңге чейин айып салуу жазасы каралганын да эскерткен.

Ошондой эле мындай мыйзам бузуу үчүн бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же үч жылга чейин эркинен ажыратууга болот.

Эмне болду эле?

9-август күнү кечке маал милиция кызматкерлери Бишкектеги ЦУМдун имаратын курчоого алган. Универмагдын кызматкерлери менен кардарлары эвакуацияланган. Расмий маалыматтын жоктугунан бул аралыкта окуянын бир нече версиясы айтылган.

Атап айтканда, Vesti.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, белгисиз эки аял имараттын ажаатканасында жаш балдарды барымтага алганын жазган. Башка маалыматтарда имаратка бомба коюлганы айтылган.

Кийин милиция кызматы аларга ЦУМда «кара чүмбөт кийип, колуна баштык көтөргөн шектүү аял жүрөт» деген билдирүү түшкөнүн айтып берген.

Милиция кызматкерлери имаратты толугу менен текшерип, шектүү адамды да, шектүү буюмду дагы тапкан эмес. Болжол менен 18:10до соода борборунун кызматкерлери имаратка киргизиле баштаган.

Андан соң, милиция ЦУМдун маңдайында жайгашкан ГУМдун имаратын курчоого алган. Бирок 18:38де милиция кызматы ГУМда бомба коюлганы тууралуу маалымат такталбаганын билдирип, курчоо алынып салынган.

Тема боюнча:

Бишкектеги ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунда «жардыруучу зат» табылган жок