Журналист Каниметовго фейсбуктагы посту үчүн тагылган айып алынды

Журналист Канат Каниметов фейсбуктагы сындаган посту үчүн милиция тарабынан тагылган айып алынганын билдирди. Ал фейсбуктагы посту үчүн куугунтуктоо фактысын чагылдырган журналист-кесиптештерине жана укугун коргогон Медиа Полиси Институтуна ыраазычылык айтты.

«Иш токтотулду. Эми мындан ары майда бейбаш эмесмин», — деп жазды ал фейсбукта.

Медиа Полиси Институту прокуратура журналист Канат Каниметовго карата сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз жүргүзүп жаткан Аламүдүн райондук ИИБнин кызматкерлерине карата прокурордук үн катуу актысын чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Институтка 5-августта Ысык-Көл облустук прокуратурасынан кабарлашкан.

Каниметовду куугунтуктоо

Журналист Каниметовго карата «Майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ал фейсбукта бийликти сындаган пост жазгандан кийин башталган. Анда ал блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзгөн бийликтин аракетин сынга алган.

Каниметов ага карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгону тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинен (CPJ) 7-майда билген. Комитеттен журналистке ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграция кызматынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун билдирүүсүнүн скриншотун көрсөтүшкөн.

Юристтер билдиришкендей, иш алгач Каниметовдун жана анын туугандарынын журналисттин Балыкчыдагы катталган жери боюнча персоналдык маалыматтарын чогулта баштаган Ысык-Көл ОИИБнин тергөөчүсүнө өткөрүлгөн. Журналисттин даана жашаган жери аныкталгандан кийин иш Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине өткөрүлгөн.

12-майда журналист фейсбуктагы жазган посту боюнча күбө катары суралган. Ал эми «Институт Медиа Полиси» укук коргоочу уюмунан «тергөөчү сотко чейинки өндүрүш жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат жазууну өтүнгөнүн, бирок ал эмне себептен алынып жатканын түшүндүрө албаганын» билдиришкен.

Аламүдүн райсоту 24-майда «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметовдун Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсүнүн аракеттерине карата даттануусун канааттандырган.Телеканалдын маалыматы боюнча, Каниметовдун арызын прокурор колдоого алып, бузууларды жоюуну өтүнгөн. Журналист тергөөчү андан ачыкка чыгарбоо тууралуу колкатты тартып алгандан кийин арызданган.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 3-майда Кыргызстандын бийлиги журналист Канат Каниметовду куугунтуктаганын токтотуп, ага коркпой-үркпөй жана ээн-эркин иштөөгө мүмкүндүк бериши керектигин билдирген.

«Кыргыз бийлиги Каниметовду жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоону тез арада токтотушу керек, ошондой эле бийликтин каарына калам деп коркпостон, керек болсо өлкө бийлигин жоопко тартууга кепилдик бериши керек», — деп билдирген CPJ программасынын Европа жана Борбордук Азиядагы координатору Гульноза Саид.

Ал бийликтин «ыңгайсыз журналисттерди» коркутууга аракет кылганын айыптаган.

Каниметов деген ким?

Канат Каниметов — УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге байланышкан «Белизгейт» ишин байма-бай чагылдырган «Апрель» телеканалынын журналисти. Журналист 11-мартта бул иш боюнча күбө катары УКМКнын сурагына чакырылган болчу. «Белизгейт» окуясы чуу болуп жаткан убакта Каниметов КТРКда иштеп жүргөн.