Бишкек: АКШ элчилигинин алдында «Кумтөр» боюнча акыйкат чечим үчүн тынчтык митинги өттү

16-августта Бишкекте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Тянь-Шанды сактап калабыз»* кыймылынын активисттеринин «Кумтөр» иши боюнча сот отурумдарына байланышкан тынчтык митинги өттү.

*Аталган кыймыл жөнүндө көп деле маалымат жок. Кыймылдын Инстаграм барагында биринчи публикация үстүбүздөгү жылдын 3-августунда жүктөлгөн. Кыймылдын лидери теле алып баруучу Канышай Рысбекова. Рыспекова өзүнүн соцтармактагы барактарында жарандарды тынчтык митингине келүүгө үндөгөн. Ошондой эле, Канышай Рысбекова 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштегени белгилүү. 

Митингчилер Нью-Йорк сотунан «Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компанини» банкрот деп таануу арызын адилет кароону талап кылып жатат. Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот маселеси боюнча соту доо арызды 17-августта кайрадан карашы керек.

*Эки компания тең — Centerra Gold’дун «туунду» ишканасы.

Кыймылдын лидери Канышай Рысбекованын айтымында, бул акция менен алар Кумтөр кенинин айланасындагы окуяларга дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдургусу келет.

Экоактивисттер тынчтык митингин АКШ элчилигин алдында эртең да улантууну көздөшөт.

Банкротко учуратуу боюнча сот

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин* баштоо үчүн аталган сотко кайрылышкан.

*Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

*АКШнын Федералдык кодексинин 11-бөлүмү боюнча демилгеленген банкроттук процедурасы көп учурда «кайра түзүү» банкроттугу деп аталат. Анын демилгечиси ээси болуп кала берет, ишенимдүү башкаруучунун ыйгарымдары менен милдеттери бар, бизнести жүргүзүүнү улантып, андан тышкары, (соттун макулдугу менен) жаңы акчаларды карызга ала алат.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизгенден кийин беришкен. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.