Футбол учурунда кайым айтыша кеткен. Москвада төрт кыргызстандык 15 суткага камалды

Элчиликтин маалыматына ылайык, «футбол ойноп жатып кайым айтыша кеткен кыргызстандыктарга жакын арадагы үйдүн тургундары полиция чакыртып» натыйжада алар кармалган.

«Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери “Царицыно” ИИБине күндүз жана 21:00дөн кийин консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн эки жолу барды [...] Элчилик тараптан тийиштүү чара көрүүлүп жатат», — деп билдиришти элчиликтен.

Депортация кылабыз деп коркутушту

Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик окуянын башкача версиясын айтууда. Ал 16-августта «Биз, мигрантпыз (Мы, мигранты)» фейсбук тайпасына «15-августта саат 11:00 менен 16:00дөр чамасында Царицыно районунун ар башка көчөлөрүндө жана Царицыно метросунун жанынан мурда бири бирине тааныш эмес Кыргызстандын 30га чукул жараны кармалды» деп билдирген.

Анын айтымында, кармалгандардын төртөө «Царицыно» ИИБге жеткирилген.

«Аларды депортация жана күч колдонобуз деп коркутуп, эч кылбаган майда бейбаштык протоколдоруна кол коюуга жана жеринен 500 рублдан айып төлөөгө мажбурлашат. Суу, тамак-аш бербей, ажаатканага киргизбей расалык белги менен кемсинтип, “Орусияны чалыр көздүү чуркалардан тазалайбыз” деп коркутушкан. Эч кандай котормочу, юрист, консулдук коргоо, кармоонун себептери, укук жана милдеттер тууралуу таптакыр сөз да болбойт», — деп жазган укук коргоочу.

Анын айтымында, кармалган калган 26 кыргызстандык «жасалма протоколдорго кол коюп бергенден кийин» коё берилген.

Мурдараак Орусиянын Vesti.ru басылмасы июль айында Москвада болгон массалык мушташка катышкан 26 кыргызстандык Орусиядан депортацияланганын билдирген.

*Орусиянын Москва шаарындагы мигранттардын массалык мушташы үстүбүздөгү жылдын июль айында катталган. Анда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын жана Тажикстандын жарандары болгону кабарланган. Бир нече бычактан жаракат алган жаран ооруканага жеткирилген.

Басылманын маалыматына ылайык, депортацияланган жарандарга Орусияга кирүүгө 40 жылдык тыюу да салынган.