«Русофобия жок». ТИМ башчысы орусиялык кесиптешине жооп берди

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тышкы саясий ведомствонун башчылары MagicCity балдардын оюн-зоок борборунда орус тилинде тейлеген кызматкерге кол көтөргөн окуяны талкуулады.

Лавров эмне деди?

Орусиянын ТИМнин маалыматына караганда, Лавров менен Казакбаевдин телефондогу сүйлөшүүсү орус тараптын демилгесинен кийин ишке ашкан.

Орусиянын ТИМ башчысы Кыргызстандын бийлигин өлкөдөгү орус тилдүү калктын укуктары менен кадыр-баркына доо кетирүүчү көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн, аларга карата турмуш-тиричиликтеги улутчулдук окуяларына «колдон келишинче ыкчам» реакция жасоого чакырган.

«Казакбаев өлкө бийлиги улутчулдуктун кайсы учуру болбосун кескин бөгөт коюуларына жана Кыргызстандын орус тилдүү калкы руханий жана социалдык керектөөлөрүн толук канааттандыруусу үчүн орус тилинин макамын коргоо боюнча курс улана берерине ишендирди», — деп айтылат орус ТИМнин билдирүүсүндө.

Казакбаев эмне деди?

Кыргызстандын ТИМнин башчысы кол салуу фактысы КЖБРге катталып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун, ал эми шектүү ТИЗОго киргизилгенин эскертти.

Лавров кыргыз тарап улутчулдукка негизделген агрессиянын бардык учурларын айыптай тургандыгын белгиледи.

«[Казакбаев] тиричилик окуялар Россияда да болуп жатканына көңүл буруп, тиричилик мүнөздөгү улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын системалык бузуулары жана жарандарды этникалык жана диний негиздеги кысым катары кабыл алынбоосу керектигин баса белгиледи», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Казакбаев «Кыргызстанда русофобия жана башка агрессивдүү улутчулдуктун жоктугун, тарыхты кайра жазуу, эстеликтер жана орус тили менен күрөшүү фактылары жок экенин» баса белгиледи. Ал орус тили Конституция боюнча — Кыргызстанда расмий тил экенин жана турмуш-тиричиликтин бардык тармагында колдонулаарын кошумчалады.

Министр орусиялык кесиптешин Кыргызстанда орус тилинин макамын коргоо боюнча курс улана берет деп ишендирди.

MagicCity борборунун кызматкерине кол салуу 

MagicCity балдар оюн-зоок борборунда иштеген кызга кол салуу окуясы августтун башында катталган. Анда социалдык тармактарда мас абалдагы киши борбордун кызматкерине кол салганы тартылган видео пайда болгон. Көңүл ачуу борборунун администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кызга күч колдонгон кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган.

Кийин милиция аталган факт Октябрь райондук ИИБдин КЖБРне «Бейбаштык» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдаган. Соттук-медициналык экспертиза дагы дайындалган.Бирок жабырлануучу «ден соолугуна анчейин деле олуттуу зыян тийбегенин айтып медкүбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан».

Ошондой соттук-лингвистикалык экспертиза дагы дайындаган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин кайрадан квалификациялоо маселеси каралат.

Тейлөөчү кызга кол салуу фактысы коомдо резонанс жараткан. Буга байланыштуу Орусиянын бир катар саясатчылары үн катып, Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүгө чакырышкан.

Бирок эксперттер саясатчылар Орусиянын парламенттик шайлоосу жакындап калгандыктан бул сыяктуу билдирүүлөрдү жасап, публикага ойноп жатышат деп эсептешет.

Тема боюнча: Орус тилде тейлеген кызга кол салуу: Орус жана кыргыз саясатчылары эмне деди?

Кийин MagicCity’нин кызматкерине кол салган Али Алимбаевге Орусияга 10 жылга кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду.