«Садыр Жапаров да катышат». Таласта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 13,5 млн сом сарпталат

«Манас ордо» улуттук комплекси. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Улуттук маданий борбору 10-августта 13,7 млн сомго тендер жарыялады. Аталган каражат Талас облусунда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөгө жумшалмакчы.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, иш-чаралар «Манас ордо» улуттук комплексинде өткөрүлөт. Бөлүнө турган каражаттардын 3 млн 138 миң сому сахнаны көркөм жасалгалоого кетет. Тендерди маданияттын эмгек сиңирген ишмери, жеке ишкер Жанышбек Жамурзаев утуп алды. Ал Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгынын расмий логотибинин автору.

Дагы 10 млн 390 миң сомго «Урааным Манас» театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, 5 мүнөт бою салют атууга жумшалат. Бул тендерди режиссёр Эгемберди Чалабаев жеңди.

Чалабаев 2019-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачуу жана жабуу аземинин режиссёру болгон. Ошондой эле ал «Табылга» тасмасында башкы ролду ойногон. Мындан сырткары, Чалабаев үстүбүздөгү жылдын май айындагы «митингдерге каршы митингдин» модератору болгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 16-августта Кыргызстандын Эгемедүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча 44 иш-чара өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов иш-чаралар «эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен» өткөрүлүшү керектигин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА: Өлкөдө пандемия шартында Эгемендүүлүк күнүнө арналган 40тан ашык иш-чара өтөт

Талас облусундагы иш-чара 29-августта өткөрүлмөкчү. Маданият министри Кайрат Иманалиевдин айтымында, «Урааным Манас» көргөзмөсүндө бир гана тарыхый аспектилер эмес, Кыргызстандын акыркы 30 жылда басып өткөн жолу да талкууланат. Министр иш-чарага президент Садыр Жапаров да катыша турганын кошумчалаган.

Бийлик Эгемендик майрамын белгилөөнү коронавирустун үчүнчү толкуну башталган учурда чечти. Былтыр коронавирустан улам эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына багытталган бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: Төкмө акын Аалы Туткучев президентке сот менен бажыдагы көйгөйдү айтып ырдады