Айсулуу Тыныбекова Парижде өтүүчү Олимпиадага катышат

Спортчу Айсулуу Тыныбекова 23-августта мамлекеттик резиденцияда өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларын сыйлоо учурунда үч жылдан кийин Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына барарын кабарлады.

«Буюрса, ден соолук берсе, Парижде боло турган Олимп оюндарына катышамын [...] Олимпиада оюндарында алтын медал алыш үчүн бүткүл күчүмдү жумшаймын!» — деди Тыныбекова.

Видео: «Азаттык»

Тыныбекова күмүш медалын Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арнаганын билдирди.

Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына катыша турганын мурдараак тренери Нурбек Изабеков дагы билдирген болчу. Бирок анда спортчу өзү бул боюнча үн каткан эмес.

Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону. Ал Токио 2020 Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан. Буга чейин ал Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медаль албай калган.

Кыргыз спортчусу 2019-жылы сентябрда күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынган.

Башкы беттеги сүрөт: КТРК