Тажикстан сүйлөшүүлөрдөн кийин «Головнойго» жакын жерде аң казуу иштерин токтотту

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы. Сүрөт: «Клооп»

22-августта Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү кайрадан жолугушуу өткөрдү. Анда «Головной» суу бөлүштүрүү жайына жакын аймактагы аң казуу иши жана Эки-Таш аймагында кыргыз жарандарынын унаасына таш ыргытуу маселеси каралды.

Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн негизинде тажик тарап траншея (аң) казуу иштерин токтотту. Ал эми Эки-Таш аймагында кыргыз жарандарынын унаасына таш ыргытуу боюнча «майда бейбаштык» беренеси боюча иш козголуп, иликтөө башталды.

«Чек ара кызматынын өкүлдөрү ушуга окшогон окуялардын алдын алуу үчүн жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми тажик тарап аң казуу ишин токтотту», — деп жазылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

«Головнойго» жакын аймакта аң казуу

21-августта эртең менен Тажикстан «Головнойдун» жанында чек ара сызыгына жакын шагыл түшүрүп, жол оңдой баштаган. Андан тышкары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабына экскаватор, беш КамАЗ менен келип аң казган. Чек ара кызматы аталган иштерди Тажикстандын Исфара шаарынын жетекчилиги жүргүзүп жатканын билдирген.

Кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кечки саат беш жарымда тажик тарап жол оңдоо, аң казуу ишин токтоткон. Бирок 22-август күнү эртең менен тажик тарап ортодогу келишимге карабай аң казуу иштерин кайрадан уланта баштаган.

Ведомстводон тажик тарап келишимди буга чейин да бузган учурлар катталганын белгилешкен.

Эки унаанын таш бараңга алынышы

Чек ара кызматы 22-августка караган түнү Баткен — Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз бирөөлөр Ошту көздөй бара жаткан эки унаага таш ыргытышканын билдирген.

Анын кесепетинен «Мерседес-Бенцтин» эшиги талкаланып, «Хонда Стримдин» терезеси сынганын. Ал эми жүргүнчү жана айдоочулар жабыркаган эмес.

23-июнда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча «майда бейбаштык» беренеси менен иш козголгонун билдирди. Окуя Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иликтенет.

Тема боюнча:

Баткен: Баткен — Исфана жолунда белгисиз кишилер эки унаага таш ыргытышты

Баткен: Тажик тарап «Головнойго» жакын жердеги аң казуу иштерин токтотту