Баткен: Тажик тарап «Головнойго» жакын жердеги аң казуу иштерин токтотту

УКМКнын Чек ара кызматы 21-августта кечки саат беш жарымда тажик тарап Баткен облусундагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайына жакын аймактагы траншея (аң) казуу ишин токтотконун маалымдады.

Ведомстводон билдиришкендей, 21-августта эртең мененки саат 10:00 чамасында Тажикстандын жарандары «Головнойдун» жанында жол оңдоо ишин баштап, чек ара сызыгына жакын шагыл түшүрүп, аң каза баштаган.

«Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан экскаватор, беш КамАЗ машинеси менен аң казуу баштаган. Жол оңдоо, траншея казуу иштерин тажик өлкөсүнүн Исфара шаар башчылыгы жүргүзгөнү аныкталды», — деп жазылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кечки саат беш жарымда тажик тарап жол оңдоо, аң казуу ишин токтоткон. УКМКдан билдиришкендей, учурда чек арада абал туруктуу.

Буга чейин, 12-августта тажик тарап Лейлек районунун Арка айылына жанаша жайгашкан Катта-Туз тилкесинде окопторду казып, Максат айылындагы такталбаган аймакта дубал куруп баштаган.

13-августта Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражжабой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин тажик тарап жүргүзгөн курулуш иштери токтотулуп, окоптор толтурулган.

Тажикстандын аскердик агрессиясы

28-апрелде тажик тарап Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга өз алдынча видео байкоочу камера орнотууга аракет кылып, анын айынан эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Кийинчерээк чыр куралдуу жаңжалга айланып, ок атуулардын кесепетинен 189 кыргыз жараны жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Тажик аскерлер Баткен районунан сырткары Лейлек районундагы айылдарга да кол салып, жалпысынан 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Тема боюнча:

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары