Кумтөргө чакан ГЭС куруу пландалууда

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) потенциалдуу өнөктөштөрдөн Кумтөр кенинде чакан ГЭС куруу үчүн сунуштарды топтой баштады. Обьектини байкоо жана куруу боюнча сунуштарды кабыл алуу тууралуу жарыя компаниянын сайтында 24-августта пайда болду.

Компаниянын маалыматына ылайык, алгач, кызматташкысы келген уюмдар сырды ачыкка чыгарбоо тууралуу макулдашууну, «Кумтөр» берген сурамжылоону толтуруп жана сурамжылоодо көрсөтүлгөн документтерди жөнөтүшү керек.

Тандоодон өткөн компанияларга экинчи баскычта кандайдыр бир «презентациянын шилтемеси» жөнөтүлөт. Презентация эмне жөнүндө экени эмнегедир айтылган эмес. Бирок компаниянын сайтында ага байланыштуу «талкуулана турган» суроолор пайда болушу мүмкүн делет.

Ушундан кийин гана салыштырмалуу төп келди деген изилдөөчүлөргө коммерциялык сунуштун форматы толтуруу үчүн жөнөтүлөт.

«КГКнын өзүндө алынган коммерциялык сунуштарды толук же айрым бөлүктөрүн кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле КГКнын пикири боюнча башкаларга салыштырмалуу атаандаштыкка жарактуу арыз берүүчүлөрдү тандап алуу укугу болот. КГК алдын ала тандалган талапкерлер менен гана жолугат. КГК көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз берүүчү тарабынан келтирилген кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу милдетинен баш тарта турганы жөнүндө бир тараптуу билдире алат», — деп белгиленген компаниянын сайтында.

Чакан ГЭС кендин кайсыл жерине курула турганы да белгисиз. Теңгиз бөлтүрүктү дайындап, кен ишканасын сырттан башкарып жаткан кыргыз бийлиги бул долбоорго канча каражат сарптоону көздөп жатканы да түшүнүксүз.

Мындан тышкары, жарыяда «Атаандаштыкка жарактуу арыз берүүчүлөрдү» КГК кайсыл критерийлер боюнча аныктай турганы дагы айтылган эмес.

Кумтөр кенинин айланасында эмне болуп жатат?

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Октябрь райондук соту 7-майда Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды төккөнү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Дагы окуңуз: УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Centerra Gold кандай кадамдарга барды?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Тема боюнча: Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулушуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган.

Ал эми 19-августта «Кумтөрдү» банкротко учуратуу боюнча сот жыйыны белгисиз мөөнөткө жылган. Жыйынды жылдыруу өтүнмөсү кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон юристтер тарабынан келтирилген.