«Кумтөрдү» банкротко учуратуу боюнча сот жыйыны белгисиз мөөнөткө жылды

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту «Кумтөрдү» банкротко учуратууга байланыштуу доо арыз каралашы керек болгон сот отурумун белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу банкроттук иштердин үстүнөн иштеген Stretto компаниясы жарыялаган сот чечиминен белгилүү болду.

Документке ылайык, кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон юристтер отурумду жылдыруу тууралуу билдирме беришкен.

«2021-жылдын 17-августу эртең мененки саат 10:00гө (Чыгыш убактысы) дайындалган уктуруулар Кыргызстандын өтүнмөсүнө байланыштуу банкротко учуратуу боюнча ишти кароо кийинчерээк аныктала турган күнгө чейин жылдырылды», — деп айтылат документте.

*Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

АКШнын Федералдык кодексинин 11-бөлүмү боюнча демилгеленген банкроттук процедурасы көп учурда «кайра түзүү» банкроттугу деп аталат. Анын демилгечиси ээси болуп кала берет, ишенимдүү башкаруучунун ыйгарымдары менен милдеттери бар, бизнести жүргүзүүнү улантып, андан тышкары, (соттун макулдугу менен) жаңы акчаларды карызга ала алат.

Эгерде Centerra соттон утса эмне болот?

Мурдараак Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова эгерде Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту Канада компаниясынын пайдасына чечим чыгарып, «Кумтөрдү» банкрот деп тааныса, анда «кендин ишмердигин токтото турууга туура келет» деп билдирген.

Кутманова банкроттук иштер боюнча сот бүтмөйүн «Кумтөрдүн» ишмердигине байланыштуу башка эч кандай соттун чечии дагы күчкө ээ болбосун айткан.

«Мисалы, 261 млрд сом* айып боюнча соттун чечими азыркы күндө токтотулган. Бардык чечимдер убактылуу токтоп турат. Ачыгын айтканда, Centerra болушунча бут тосуп жатат», — деген Кутманова.

*Октябрь райондук соту 7-майда Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды төккөнү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

16-17-августта 16-августта Бишкекте АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында «Тянь-Шанды сактап калабыз» экокыймылынын активисттери митингге чыгышкан. Алар Нью-Йорк сотунда «Кумтөрдү» банкрот деп таануу арызы адилеттүү каралышын талап кылышкан.

Банкротко учуратуу боюнча сот

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштеткен. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йорктун түштүк округундагы банкрот иши боюнча сотуна кайрылышкан.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизгенден кийин беришкен. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.