УКМК: Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы инспектору пара алып жатканда кармалды

24-августта акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору А.Б.Д. пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 26-августта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен кайрылган К.З. аттуу жаран шектүү андан 20 миң сом талап кылганын билдирген. Аталган факты «Пара талап кылуу» беренеси менен катталып, шектүү Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов «Клоопко» шектүү аталган тармакта 2012-жылдан тартып иштеп жатканын белгилеп, бул окуя ал үчүн күтүүсүз болгонун айтат.

«Ага чейин мектеп директору, айыл өкмөтү болуп иштеген. Бул окуя мен үчүн күтүүсүз болду. Буга чейин акыйкатчы аппаратында коррупция катталган эмес. Дал ушул укук коргоо тармагында коорупциянын катталышы мени аябай өкүндүрдү [...] Соттун чечиминен кийин гана бир нерсе дей алам», — деп билдирди акыйкатчы.

Мамытовдун айтымында, кол алдында иштеген инспектор коррупцияга шектелип жаткандыктан акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Өмүрбек Тамаев кызматтан кетүү арызы менен кайрылган. Акыйкатчы аны кызматынан убактылуу четтетип, милдеттерин өкүлчүлүктүн башка кызматкерине өткөрүп берген.

Акыйкатчы аппаратынын маалыматына ылайык, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Каракол шаарына жөнөп кетти.

Үстүбүздөгү жылы 24-августта Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы (ЗАГС) пара алып жатканда кармалган. Ал паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүүдө калктан акча талап кылган туруктуу коррупциялык схема түзүүгө шектелүүдө.

Тема боюнча:

Чүй: Москва районунун ЗАГСынын башчысы пара алып жатканда кармалды

Талас районунун акиминин орун басары пара алып жатканда кармалды