Centerra’нын эки туунду компаниясы кыргыз өкмөтүн айыпка жыгууну көздөйт

Centerra Gold компаниясынын туунду ишканалары — «Кумтөр Голд Компани» (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» (КОК) 25-августта Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылышты. Алар «Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алганы үчүн» Кыргызстандын өкмөтүн айыпка жыгууну өтүндү.

Бул тууралуу банкрот иштери менен алектенген Stretto компаниясынын маалыматтары айтып турат. Доо арызда Кыргызстандын өкмөтүнө күнүнө бир миллион доллар өлчөмүндө айып төлөтүү жөнүндө жазылган.

Ошондой эле, документте Кыргызстан соттун токтомун бузуп жатканы жана КГК менен КОКту аларга АКШнын банкротко учуратуу тууралуу кодекси камсыздаган коргоодон ажыртканы айтылган.

Айыптан тышкары, доо арызда Кыргызстандын өкмөтүнүн ишти кыскартуу аракеттерине тыюу салуу өтүнүчү келтирилген. Аны менен катар арызда «Кумтөрдүн» убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ыйгарым укуктарын жана Кыргызстанда өтүп жаткан соттук териштирүүлөрдү токтотуу талабы дагы бар.

КГК менен КОКтун кызыкчылыгын коргогон адвокаттар доо арызды 15-сентябрда өтүүчү АКШнын банкрот иштери боюнча сот отурумунда алып чыгат.

Банкротко учуратуу боюнча сот

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштеткен. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йорктун түштүк округундагы банкрот иши боюнча сотуна кайрылышкан.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизгенден кийин беришкен. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.

Сот жыйыны артка жылганы тууралуу билдирүү кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон юристтер тарабынан берилген.