Темирлан Султанбеков кол салуу болгонун айтты. ИИМ териштирүү баштады

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 26-августта фейсбук барагында белгисиз адамдар ага кол салганын билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-августка караган түнү болгон. Ал учурда саясатчы машинада жумушчу сапарынан кайтып келе жаткан.

«Машинама, так мен отурган жерге ок атылды. Жол ошол ок атылган аралыктагы 30-40 метрден башкасы толугу менен жарык. Ок чыгаруунун үнү чоң жана таамай болду, үнү абдан катуу чыкты. Айдоочум ылдамдыкты күчөттү», — деп жазган Султанбеков.

Темирлан Султанбеков кол салуу болгонун билдирди. Сүрөт: Темирлан Султанбековдун фейсбук барагы.

Бир сааттан кийин саясатчы өзүнө кол салуу болду делген жерге барып, кылмыштын издерин издөөнү чечкен.

«Айнектин сыныктары бар экен, алысыраакта бактын артында бир кишинин сөлөкөтү көрүндү, бирок камераны ага бурганда качып кетти. Билген кишилер менен сүйлөштүм, мага 9 мм травматикалык куралдан ок чыгарышканын айтып жатышат. Балким, бул окуянын максаты мени коркутуу же бир нерсе тууралуу эскертүү болушу мүмкүн», — деп жазган ал.

27-август күнү эртең менен Султанбеков ИИМ окуяга байланыштуу териштирүү баштаганын жазды.

«Милиция кызматы окуя болгон жерди текшерүүгө алды: бак-шактын арасынан жаңы ачылып, акырына чейин ичилбеген энергетикалык ичимдиктин бөтөлкөлөрүн (балким кол салган адам түнкү 1:30да уктап калбаш үчүн ичкендир) жана колдонула элек жеке гигиена каражаттарын тапканын айтышты», — деп билдирди саясатчы, милициянын маалыматына таянып.

Ал тергөөнүн маалыматына таянып, окуя болгон жерде бир апта мурда белгисиз адам өтүп жаткан машиналарды таш менен чапкылап жатканын кошумчалады.«Учурда тергөө уланып жатат, жардамчым экөөбүз арыз жаздык, ИИМ кылмышкерди табууну убада кылды», — деп жазды ал.

Тема боюнчаАлга Кылычевге кол салууга шектелип Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды