Видео: Ошто жеңил унаа ИИМдин автобусун сүзүп, үч киши каза тапты

Ош ШИИБи Ош — Ноокат унаа жолунда ИИМге караштуу автобусту «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, натыйжада үч адам каза болгондугун маалымдады. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 28-августта саат 16:10 чамасында орун алган.

«Daewoo Matiz унаасы карама-каршы тилкеде жогорку ылдамдыкта келип, жол четинде токтоп турган автобусту сүзгөн. Натыйжада Matizде отурган 3 адам каза болгон», — деп билдиришти милициядан.

Учурда окуя болгон жерде Ош ШИИБдин кызматкерлери иштеп жатат. Ошондой эле, окуя боюнча жаңы жагдайлар тууралуу маалымат берилери кошумчаланды.

2021-жылдын жети айында эле Кыргызстанда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам көз жумган.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.