УКМКнын тергөө абагынын башчысы жана орун басары кызматынан бошотулду

УКМКнын тергөө абагынын башчысы жана орун басары, ошондой эле айрым кызматкерлер кызматынан бошотулду. Мындай чечим Василий Дашков «Бикард» клиникасында дарыланып жатканда бейтаныш аял менен оорукананын короосунда отурган видеосу тарап кеткенден кийин кабыл алдынды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган кызматкерлер Дашковду кайтаруу тартибин бузушкан. Ал эми «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы атайын кызматтын тергөө абагына кайтарылды.

Василий Дашковдун кармалышы

Василий Дашков — мурдагы милиционер. Темир жол тармагына 2006-жылы келген. 2020-жылдын январына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын көпүрө куруу менен алектенген «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып келген. Андан соң аталган ишкананын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, 2020-жылдын апрелинен тарта мекемени жетектей баштаган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишканадан кантип акчаларды адалдап турганы жөнүндө иликтөө чыгарган.

Иликтөөдө Дашковго байланышы бар үч фирма «Кыргыз темир жолунан» эки жылда эле 176 млн сомдук тендер утуп алганы ашкереленген.

Андан соң ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилик кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбека Марипов 25-мартта кол койгон.

Атайын кызмат Дашков 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынан жалпысынан 1,5 млрд сом каражатты мыйзамсыз чыгарганын аныктаган.

Дашков алгач 18-майда кармалып үй камагына чыгарылган. Ал эми 9-июнда УКМК аны кайрадан кармап тергөө абагына киргизген. Анткени Дашков келтирилген зыянды кайтарган эмес. 1-июлда ал ден соолугуна байланыштуу «Бикард» клиникасына которулганы белгилүү болгон.