Ысык-Көл: «Алтын кум» пансионатында 36 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти

31-августта Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын жанында 36 жаштагы киши чөгүп кетти. Азырынча анын сөөгү табыла элек.

Сууга чөккөн кишини Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч куткаруучусу издеп жатат. Бүгүн издөө ишин улантуу үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан төрт суучул жана бир офицер тартылган.

Буга чейин 27-июлда дал ушул пансионаттын аквапаркында 18 жаштагы Станислав Ситников каза болгон. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, бала сууга кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Анын байкеси жана эс алуучулар кабатырланып аны издешкен, бирок түтүкчө аны соруп кеткендиктен баланы куткара алышкан эмес. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери кеч келишкен. Кийин куткаруучулар келип, баланын сөөгүн түтүк кесилгенден кийин алып чыгышкан.

Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин тарабынан «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ал эми мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча жетекчиси Чындыкбек Матисаев «Кактус» басылмасына аквапарк уруксат кагаздары жок орнотулганын билдирген. Ысык-Көл райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси Дамир Абдиев дагы аквапарк мыйзамсыз орнотулганын айткан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Ысык-Көлдө 18 жаштагы бала аквапаркта каза тапты, аны суу соруучу насостун түтүкчөсү соруп кеткен

«Куткаруучулар болгон эмес». Аквапаркта каза болгон Станиславдын жакындары арыз-муңун айтты

Эмнеге Ысык-Көлдөгү кымбат эмес пансионаттарда сизди эч ким куткарбайт?