Исфана шаарынын 28 жаштагы тургуну үйүндө киши колдуу болду

Киши өлтүрүүгө шектүүлөр. Сүрөт: Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы жана Исфана шаарынын 21 жаштагы тургундары киши өлтүрүүгө шектелип кармалышты. Шектүүлөр тергөө абагына киргизилди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, 28-августта эрте менен саат 07:45 чамасында Лейлек РИИБине Исфана шаарында адам өлгөндүгү тууралуу кабар келген.

Милиция жерине барганда 28 жаштагы тургундун сөөгү өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн табылган. Ал белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу миздүү нерсе сайылып каза болгону аныкталган.

Лейлек РИИБи тарабынан түзүлгөн ыкчам топ түзүлүп, алгач кылмышка шектүүнүн санаалашы табылган. 21 жаштагы шектүүнүн жашаган үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сактап жүргөн 21 даана огу менен ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал табылган.

«Мындан сырткары, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын беткап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды», — деп билдиришти Баткен ОИИБиден.

Ал эми кылмышка шектүү Сүлүктү шаарынын тургуну 1-сентябрда Исфана шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Аталган факт КЖБРге «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 55 жаштагы тургунун бычактап, үйүндөгү сейфти уурдап кеткен эки киши кармалган. Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алган жаракатынан улам каза болгон.