Баткен: Жеңил унаа сайга кулап үч адам каза тапты, бирөө жаракат алды

Сүрөт: ӨКМ

5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Исфана жолунда Daewoo Tico үлгүсүндөгү жеңил унаа сайга кулап, үч киши каза тапты. Дагы бир адам жаракат алып ооруканага түштү.

ӨКМден билдиришкендей, унаанын сайга кулашына анын жолдон чыгып кеткени себеп болгон. Куткаруучулар жеринде каза болгон үч эркек кишини унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда алардын өздүгү такталып жатат.

Жүздөгөн кишинин өмүрүн алган жол кырсыктары

ИИМдин маалыматына ылайык, 2-сентябрга карата жыл башынан бери 497 адам жол кырсыгынан каза тапкан. Жалпысынан 4 миң 637 автокырсык катталып, 6900 адам жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымына караганда, жыл башынан бери 524 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77%га жогору.

Исраилов кырсыктардын 95%ы адам факторунан улам болорун белгилеген — анын айтымында, айдоочулар жол эрежелерин билбейт же бузушат. Алардын көбү жолдо өзүн алып жүрүү маданиятын «сактабайт».

Буга чейин ЖККББдан Кыргызстандагы жол кырсыгынын биринчи жана негизги себеби мас абалда унаа айдоо экенин айтышкан. Экинчиси — унааны катуу ылдамдыкта айдоо болсо, үчүнсүсү — айдоочулардын тиешелүү квалификациясынын жана тажрыйбасынын жоктугу.

Ал эми президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМдин башчысы Уланбек Ниязбековго жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Андан соң Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишин сынга алган. Ал кызматкерлеге үч сменде иштөөнү тапшырып, эгерде кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтпөсө, жетекчилик «иштен кетүүгө тийиш экенин» айткан.