3-сентябрда «Түндүк электр» компаниясынын басма сөз кызматы 6-сентябрдан тартып Бишкекте 7,2 миңден ашык абонент өчүрүлөрүн билдирди.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2021/09/161026568_2898077923808051_4282448480212176640_n-1.jpg)
Автоматташтырылган башкаруу тутуму дебитордук карызы 6,4 миллион сомдон ашкан абоненттердин электр жарыгын өчүрөөрү айтылды.
Компания ыңгайсыздыктардын алдын алуу үчүн шаардыктарды карыздарын төлөөгө чакырды.
Буга чейин, 26 -августта «Түндүк электр» карызы 6 миллион сомдон ашкан 3,5 миңден ашык турмуш-тиричилик абоненттеринин электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирген.
2021-жылдын июнь айында кыргызстандыктарга «Түндүк электр» жана «Чыгыш электр» ишканаларынан электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууга толук тыюу салуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр келе баштаган.
«Түндүк электр» бул аргасыз чара күз-кыш мезгилинде гана колдонуларын билдирген.
Компания Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы жана суунун деңгээлинин төмөн болгонуна байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгына даярданып жатат.
Тема боюнча:
«Түндүкэлектр» Бишкекте карызын төкпөгөн 2 700дөн ашык катардагы абонентин өчүрөт