Өлгөнчө сабаган. Милиция аялдын өлүмүнө шектүүнү кармады

Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы Бишкекте аял киши колдуу болгонун кабарлады. Ушул тапта кылмышка шектүү кармалып, борбор калаанын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициянын маалыматына караганда, 26-августта төртүнчү шаардык ооруканага 40 жаштагы О.С. аттуу аял оор абалда келип түшкөн. Анын башы сөөгү талкаланып, кабыргасы сынып, ошондой эле баш мээсине сокку алганын аныкталган. Жабырлануучу эсине келбестен каза болгон.

Ооруканага келген милиция кызматкерлери аялды 50 жаштагы К.Б. атуу жаран мыкаачылык менен сабаганын аныкташкан.

Аялды өлтүрүүгө шектелген жаран. Сүрөт: Октябрь РИИБи

Аталган факты Октябрь РИИБинде каттоого алынды. «Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси боюнча соттук чейинки өндүрүш башталды.

Милициянын маалыматына караганда, К.Б аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тема боюнча:

Бишкекте аялды кыйнап өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Чүй облусунда 60 жаштагы аялды өз үйүндө бычактап өлтүргөндөр изделүүдө