Футбол: Кыргыз курамасы Бангладеш командасын жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 7-сентябрда «Үч улуттун кубогу» турниринде Бангладеш курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Бангладешти жеңүү менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы «Үч улуттун кубогу» символикалык турниринин жеңүүчүсү болду. Буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алган.

Жалгыз голду дебютант Азим Азаров киргизген.

Бангладеш менен болгон беттеш Кыргыз курама командасы үчүн Кытайда өтө турчу «Азия Кубогу — 2023» турнирине тандоо оюндарынын алдындагы акыркы беттеш болуп калды.

Беттеш кандай өттү?

Кыргызстандын курама командасы алгачкы мүнөттөрдө эле демилгени колго алып, беттештин 10-мүнөтүндө гол киргизди. Оюнда чабуулчу Элдар Молдожунусов өзгөчөлөндү. Ал айып соккудан соң топту дарбазага киргизди.

16-мүнөттө кыргыз футболчулары экинчи ирет гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду, флангдан берилген топту чабуулчу бош дарбазага тепкен, бирок атаандаштын коргоочусу тосуп калды.

‌30-мүнөттө оюн теңелип, Бангладеш курама командасы Кыргыз курама командасынын дарбазасына бир нече олуттуу чабуулдарды жасады.

Бирок оюндун 40-мүнөтүндө кыргыз курама командасынын футболчулары экинчи ирет гол киргизишти. Флангдан берилген топту чабуулчу Алимардон Шүкүров атаандаштардын дарбазасына багыттады.

Андан кийин кыргыз курамасынын оюнчулары дагы эки кооптуу учур жаратышты, бирок атаандаштын дарбазачысы соккуларды токтотуп калды.

‌Кыргыз курама командасынын оюнчулары экинчи таймды абдан активдүү баштап, биринчи мүнөтүндө эле гол киргизишти. Улуттук курама команданын капитаны Турсунали Рустамов флангдан чыгарылган соккудан кийин топту дарбазага багыттады.

53-мүнөттө Бангладеш курама командасы бир ирет гол киргизди. Бурчтан берилген соккудан соң айып аянтчасында пайда болгон башаламандыктан пайдаланып, Махбубур Рахман топту дарбазанын алдынан киргизди.

‌Андан соң оюн теңеле түштү, бирок 70-мүнөттө топ Кыргыз курама командасына өттү. Ошентип 68-мүнөттө биздин оюнчулардын бири топту дарбазага тепкенде, дарбазанын жогорку бөлүгүнө тийди.‌

Ал эми ‌89-мүнөттө Кыргызстандын курама командасы төртүнчү ирет гол киргизди. Бахтияр Дүйшөбеков бурчтан чыгарылган соккудан кийин топту дарбазага багыттады.‌